• 19 Сентябрь 2020
  • 0
  • 2248
Жанылыктар

Сооранбай Жээнбеков:"Кимге добуш бересиң өз эркиң, аны башкалар билип алчу технология бизде жок"

Өлкө башчысы  Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын  "Биринчи радиосуна" кезектеги маегин берди. Анда шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты.  Деген менен, андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди.

"Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага добушуңду сат деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок мына ушул боюнча кайрылган факт жок".
"Добуш берүү купуя сакталат. «Буга сал, буга салба» деп эч ким мажбурлай албайт. Кимге добуш берсең, аны билип алат деген сөз бар. Аны билбейт, андай технология жок азыр. Шайлоочу өзү жалгыз калат, кабинкада, бюллетенди каалаганына салат. Кимге добуш бересиң, өз эркиң", - деп кошумчалады президент.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо 2,5 жылга кесилет. Добушун саткан адамга да ушундай эле жазалар каралган.

Facebook Пикир