• 17 Октябрь 2020
  • 0
  • 3673
Жанылыктар

Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Сыймык Жапыкеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Чоң-Казат" партиясы менен катышкан. Ага чейин аткаминерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтып, митингдерде активдүү катышып элге таанылган. Мурда прокуратура органында иштеген.

Facebook Пикир