• 19 Сентябрь 2020
  • 0
  • 5730
Мени кечир

Сезим, сени баалай албай жүргөнүм үчүн мени кечир

"7tv.kg" сайтынын "Мени кечир" рубрикасына Азат аттуу окурманыбыз 19 жаштагы сүйүктүүсүнөн кечирим сурайт. Бул чыгарылыш Ош облусундагы Өзгөн районунун 19 жаштагы ажарлуу тургуну Сезимге арналат.  Эмесе каармандын өз сөзүнө көз жүгүртөлү...

Сезим, сени баалай албай жүргөнүм үчүн мени кечирчи. Башкалардын сүйүүсү кандай экенинен кабарым жок, бирок мен сени сүйгөндөй сүйүү ар бир адамга түнөсө экен. Мен үчүн кымбат адамдардын катарын толуктап, келечегимди көрсөтүп турганың үчүн ыраазымын. Балким одоно ката кетирем, балким эркектик кылып сага орой мамиле кылып алам, же жашоо деп убакыт бөлө албайм. Бирок, кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун сен менин ар дайым оюмдасың! Мени кечирип койчу.


Facebook Пикир