• 17 Октябрь 2020
  • 0
  • 1050
Медиа портал

Өзбекстанда 14 жыл түрмөдө отурган жазуучу Мамадали Махмудов көз жумду

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун учурунда 14 жыл камакта отурган жазуучу Мамадали Махмудов каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Махмудов Ташкент шаарындагы ооруканада үзүлгөн. Ал бир күн мурда ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага жеткирилген.

"Мамадали Махмудов Өзбекстандагы таанымал жазуучулардын бири болгон. Ал Ислам Каримовдун бийлиги учурунда 14 жыл абакта отуруп, 2013-жылы гана ден соолугуна байланыштуу бошотулган. Махмудов Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов менен так талашат дегендердин катарында аталып жүргөн. Ал 1999-жылы Каримовго кол салууну уюштурууга аралашкан деген айып менен эркинен ажыратылган болчу", - деп берилет маалыматта. 

Facebook Пикир