• 19 Сентябрь 2020
  • 0
  • 28202
Медиа портал

Асел Кадырбекова: Мен жада калса өзүмдүн үлпөт тоюмду эстей албай жатам

Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова жол кырсыкка кабылгандан кийин эс тутумун таптакыр жоготкондугун өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал айрым адамдарды да эстей албай калган.

"Эмне үчүн үй-бүлөмдүн ар бир мүчөлөрүн жүктөп жаткандыгымды түшүндүргүм келди. Менин эс тутумумду таптакыр жоготтум. Жаңыдан гана эсиме келе баштадым. Бирок, айрым нерселерди, анын ичинде адамдарды эстей албай жатам. Доктурлар убакыт керек дешти. Мен жада калса өзүмдүн үлпөт тоюмду эстей албай жатам. Instagram, өзгөчө сүрөттөр эс тутумумду жаңылайт. Жакындарымды, досторумду көп-көп жүктөп турайын деп чечтим. Булар менин инилерим. Мен аларды сүйөм. Болбосо мен аларга терс мүнөздөрүмдү гана көрсөтөм. Бир гана алар мага чыдап, мени дароо кечиришет", - деп жазган. 

Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыкка кабылып, катуу жаракат алган.

Facebook Пикир