7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика: Кредит алган 390 миң жаранга 1 жылда 734 млн жардам көрсөтүлдү

563

Садыр Жапаровдун экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча маалыматы.

Анын айтымында, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6 пайызга кескин түрдө түшүп кеткен. Бул соңку жыйырма жылдагы эң начар көрсөткүч болуп саналат.

«Көптөгөн ишканалардын иши токтоп, инвестициялар кескин төмөндөп, элдин кирешесине жана мамлекеттик бюджетке түздөн-түз  терс таасирин тийгизди. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомду түзгөн. Мына ушундай абдан татаал, оор кырдаалда Президент катары ишимди баштадым. Эң алгач тез арада коомдук саясий абалды жана экономиканы калыбына келтирүү, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча чукул чаралар көрүлдү. Бул багыттагы иштер кырдаалга жараша бүгүнкү күндө да уланып жатат», — дейт ал маалымат жыйында.

Ал белгилегендей, азыркы учурда экономиканы өнүктүрүү чаралары күчөтүлгөн. Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фонду 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, 2020-жылдын октябрынан тартып 1,1 млрд сомго кепилдиктер берилип, алардын жардамы менен ишкерлер коммерциялык банктардан жалпысынан 3,6 млрд сомго кредит алышкан.

Мындан сырткары, Кепилдик фондунун атайын программасы аркылуу 680 ишкерге 1 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер берилди.

2021-жылдын тогуз айында РСК жана “Айыл Банкы” тарабынан 16,7 млрд сомго кредит берилген, алардын 72 пайызы региондордогу долбоорлорду каржылоого багытталган. Ушул жылдын августунда эл аралык финансылык институттардын колдоосу менен чакан жана орто ишканаларга 72 млн АКШ доллары суммасындагы пайызы жок насыяларды берүү чечими кабыл алынды.

“Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында 5,8 млрд сомдон ашык суммага 10 миңден ашык жеңилдетилген кредиттер берилди. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууну шарттады. Ошондуктан экономикалык кризиске каршы туруштук берүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды.

Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт.Чакан жана орто бизнести мындан ары колдоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 12 жана 4 пайызга азаят.

  1. Жеткиликтүү турак жай менен камсыз болууга шарттар түзүлдү.
  2. Өлкө жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди.
  3. Пайыздык ставканы азайтуу жана Программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды.
  4. Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Мындан тышкары белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат. Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык, чакан жана орто бизнеске кредит берүүнү кеңейтүү максатында “Керемет Банкы” 2,7 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды. Кыйын экономикалык абалда калган кредит алган жарандарыбызды колдоо максатында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүндү. Натыйжада 390 миңден ашык кредит алган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564