• 19 Сентябрь 2020
  • 0
  • 795
Дүйнө

Түркияда Чыңгыз Айтматовго арналган китеп жарык көрдү

Түркияда Чыңгыз Айтматовго арналган "Боз кырдын ойгонушу: Чыңгыз Айтматов" аттуу илимий изилдөө китеби түрк тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп эки бөлүктөн туруп, 23 мамлекеттин окумуштууларынын 98 макаласы киргизилген.

Китеп түркиялык продюсер, режиссёр жана жазуучу Өмер Эрдогандын редакторлугу алдында КАФ басма үйү жана "Чыгыш менен батыштын ортосундагы Анатолья маданий долбоорунун" алкагында жарык көргөн.

Маалыматта жыйнактын баш сөзүн эки мамлекеттин Президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдоган жазгандыгы айтылган.

Facebook Пикир