• 19 Сентябрь 2020
  • 0
  • 1074
Дүйнө

Кытайда миллиардерге өз акчасын чачып, жыргалчылыкта жашоого тыюу салынды

Кытайда сот “HNA” туристтик жана каржы компаниясынын башчысы Чень Фэнюга акчаларын коротуп, жыргалчылыкта жашоого тыюу салды. Бул тууралуу маалыматты “South China Morning Post” басылмасы жазып чыкты.

Соттун чечимине ылайык, кытайлык миллиардер эми өз акчасына күнүмдүк жашоосунда керектүү болгон азык-түлүк, буюм-тайымдан башка эч нерсе сатып ала албайт.

Мындан тышкары, бизнесменге учакта учуу жана жогорку ылдамдыктагы поезддерге түшүүгө тыюу салынган. Ошондой эле кыймылсыз мүлк сатып алууга, кымбат ремонт жасоого же кымбат отелдерде жашоого, клубдарга барууга жана офистерди ижарага алууга тыюу салынды.

Буга бизнесмендин “Jubaohui” аттуу компаниянын инвесторунан алган карызы өсүп кеткендигине байланыштуу болгон. Маалыматка ылайык, ишкердин карызы 2020-жылы 50 миң долларды түзгөн.

Facebook Пикир