• 17 Октябрь 2020
  • 0
  • 1318
Дүйнө

АКШда биринчи жолу кылмышкер аялга өлүм жазасы тартылат

АКШда кош бойлуу аялды өлтүрүүгө жана бала уурдоого айыпталган аял өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

«Ассошиэйтед Пресс» («Associated Press») басылмасы айыпталуучу АКШда 60 жылдан ашуун убакыттан кийин өлүм жазасына тартылган биринчи аял болорун жазды.

2007-жылы октябрда Миссури штатынын соту Лиза Монтгомерини кош бойлуу аялдын өлүмүнө жана бала уурдоого айыптап, өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Канзас штатынын тургуну Монтгомери 2004-жылы кош бойлуу Бобби Жо Стиннетти муунтуп өлтүрүп, ичин кесип, кызын уурдап кеткен. Монтгомери Миссури штатында жашаган маркумдун үйүнө күчүк сатып алуу жүйөөсү менен келген.

Монтгомери Стиннетти өлтүргөнүн жана баласын уурдап кеткенин мойнуна алган. Ага Индиана штатындагы Терре-Хот түрмөсүндө адам өлүмүнө алып келген инъекция сайылат. Өкүм ушул жылдын 8-декабрында аткарылат.

«Ассошиэйтед Пресс» белгилегендей, Юстиция министрлиги 20 жылдык тыныгуудан кийин ушул жылдын июль айында өлүм жазасын кайра киргизген. Монтгомери бул убакыттын ичинде өлүм жазасына айыпталган тогузунчу кылмышкер болуп калды.

Facebook Пикир