• 15 Сентябрь 2020
  • 0
  • 1197
Спорт

Жети спортчуга чебер наамы ыйгарылды

Спортчуларга «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамдары тапшырылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалым болгондой, Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык Мамагенттиктин буйругу менен «Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамдары спорттун түрлөрү боюнча ыйгарылган. Алар:

Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери:

1. Качалко Валерия Игоревна, 1990   ж.т., бий спорту

Кыргыз Республикасынын спорт чебери:

1. Жапарова Эркайым Асилбековна, 2002 ж.т., таэквон-до WTF
2. Эгембердиев Бакдаулет Назирбекович, 2002 ж.т., грек-рим күрөшү
3. Айдарбеков Даулет Талгатович, 1999 ж.т., грек-рим күрөшү
4. Базарбек уулу Эламан, 1998 ж.т., белбоо күрөшү
5. Мелис уулу Сыймык, 1999 ж.т., белбоо күрөшү
6. Салиева Уланай Кубатбековна, 2003 ж.т., дзюдо.

Facebook Пикир