• 12 Сентябрь 2020
  • 0
  • 2242
Спорт

Япониялык футболчу кыз эркектер лигасында ойнойт

Япониялык футболчу кыз Юки Нагасато келерки сезондон тарта эркектер лигасында ойнойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.  Маалым болгондой, футболчу айым буга чейин АКШдагы кыз-келиндердин "Чикаго Ред Старз" клубунда ойногон. Футболдук сезондогу тыныгуу убагында команда оюнчусуна эркектер лигасында ойноого уруксат берген."Японияда мындай чечим, тактап айтканда футболчу айымдын эркектер лигасында ойногону биринчи жолу чыгып жатат. Юки Нагасато эми япониялык "Хаябуса Элевен" командасында ойномокчу. Анын мындай кадамы тарыхта калат", - деп жазылат маалыматта.
Юки Нагасато 33 жашта, 2011-жылы Япониянын кыз-келиндер курама командасы менен дүйнө чемпионатында уткан. Улуттук команда менен 2015-жылы дүйнө чемпионатынын, 2012-жылы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине татыган.

Facebook Пикир