• 28 Сентябрь 2020
  • 0
  • 6519
Спорт

Түркия курама командасынын экс-оюнчусунун аялы күйөөсүн өлтүрүү үчүн киллер жалдаган

Түркиянын улуттук курама командасынын экс-оюнчусу Эмре Ашиктин аялы Ягмур Ашик күйөөсүн өлтүрүү үчүн адам  жалдаган, бирок оюу оңунан чыкпай калган.
Алгач күйөөсүн өлтүрү сунушун, көңүлдөшү Эрди Сунгурга айткан. Бирок, ал баш тартып, аны киши өлтүргүч менен тааныштырган. 
Ягмур адам өлтүрүү үчүн киллерге 10 миллион түрк лирасын (болжол менен 1,1 миллион евро) сунуш кылган, ошондой эле көмүү үчүн коопсуз жай табууну суранган. Бирок, киллер буйрукту аткарбай,  окуяны фудболчуга айтып берген.
Ашиктин жубайы, бул кадамга фудболчунун мурасын ээлеп калуу үчүн баргандыгын айткан. 
Белгилей кетсек, Эмре  менен Ягмур 2012-жылы баш кошушкан.  Жубайлардын үч баласы бар жана расмий никеде турушат. Футболчу карьерасын аяктагандан кийин курулуш бизнесине кирип,  ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. 

Facebook Пикир