Кыргызстан Аялдар, тынчтык жана коопсуздук боюнча дүйнөлүк индексинде (WPS Index) 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээледи. Бул аялдар үчүн кооптуу өлкөлөрдүн катарында экендигин маалымдайт.
Индекс 170 өлкө жашаган аялдардын статусу боюнча жыйынтык чыгарган.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан WPS индекси боюнча эң төмөнкү орунду ээлейт.
«WPS» индекси Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Жоржтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту, жана ошондой эле Тынчтык жана Коопсуздук боюнча PRIO борбору тарабынан иштелип чыккан.
Индекстин лидерлери Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург. Ал эми аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр — Афганистан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак экени белгилүү болду.